Улуттук банк жарандарды алдамчылардын аракеттеринен этият болууга чакырат 

 

Социалдык тармактар жана мессенджерлер (WhatsApp, Telegram) аркылуу Улуттук банк сый акы төлөө менен сурамжылоо өткөрүп жаткандыгы тууралуу маалымат тарап жаткандыгы боюнча төмөнкүнү маалымдайт.  

 

1. Улуттук банк белгисиз сайттарга шилтеме келтирүү менен билдирүүлөрдү жөнөтүү аркылуу кандайдыр бир сурамжылоолорду жана утуштарды өткөргөн эмес жана өткөрбөйт. Эгерде сизге ушул сыяктуу маалымат түшсө, анда көрсөтүлгөн шилтемеге өтпөстөн, ал билдирүүнү жок кылып, аны андан ары эч кимге таркатпоо зарыл.  

2. Төмөнкү жеке (байланышуу) маалыматыңызды көрсөтпөңүз (толтурбаңыз): картаңыздын номерин, ПИН-кодду, картаны колдонуу мөөнөтүн, ошондой эле CVV/CVC коддордун (бул коопсуздук коддору болуп саналат, андагы акыркы 3 сан картанын арткы бетиндеги кол тамга коюлуучу тилкеде көрсөтүлөт), ошондой эле мындай маалыматты туугандарга, банк кызматкерлерине, укук коргоо органдарына да бербөө зарыл. Алдамчылар белгисиз сайттарга шилтеме келтирүү аркылуу ар кандай жол менен жеке маалыматты алууга аракеттенишүүдө.  

3. Карт ээси алдамчыларга жеке маалыматты өзү бергендиктен банктык карттан уурдалган акча каражаттарды жабыр тарткан жаранга кайтаруу дээрлик мүмкүн эмес. 

4. Банктан алынган көчүрмөнү дайыма текшерип туруңуз. Эгерде сиз ишке ашырбаган операцияны байкап калсаңыз, дароо банкка өтүнүч кат менен кайрылып, түптөлгөн жагдайды териштирүүнү сураныңыз.  

5. Ушул сыяктуу билдирүү түшсө анын скриншотун Улуттук банктын mail@nbkr.kg расмий почтасына жөнөтүүнү өтүнөбүз.  

Бардыгыңыздарды сак болууга жана жеке маалыматты башка адамдарга бербөөгө чакырабыз.