Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө 

БИЛДИРҮҮ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы укуктук жөнгө салуу боюнча талкуу жана кызыкдар жактардын сунуштарын топтоо иштери башталгандыгы жөнүндө билдирет. 

1. Сунушталган жөнгө салуу аркылуу чечилүүчү проблемалар: 

Улуттук банктын банк эмес финансы-кредит уюмдардын ишин лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү зарылчылыгы; 

Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынан банк эмес финансы-кредит уюмдары «Түндүк» системасына туташкан мамлекеттик органдардын маалымкаттарын берүү боюнча талаптарды алып салуу зарылчылыгы; 

Улуттук банктын банк эмес финансы-кредит уюмдардын ишин лицензиялоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамынын негизинде киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине шайкеш келтирүү зарылчылыгы. 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты Улуттук банктын банк эмес финансы-кредит уюмдардын ишин лицензиялоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү

3. Сунушталган жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү:  

- Улуттук банктын банк эмес финансы-кредит уюмдардын ишин лицензиялоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынан соттолгондугу жөнүндө маалымкатты берүү боюнча талаптарды алып салуу; 

- Улуттук банктын банк эмес финансы-кредит уюмдардын ишин лицензиялоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамынын негизинде киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине шайкеш келтирүү

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү  

Ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы алгылыксыз натыйжага алып келбейт. 

5. Жөнгө салуу сунушталып жаткан адресаттар ишкердик субъектилерине мүнөздөмө жана алардын санына баа берүү 

Сунушталган жөнгө салуу микрофинансылык уюмдарга, турак жай-сактык кредиттик компанияларга, кепилдик фонддорго, кредиттик союздарга, кредиттик бюролорго, алмашуу бюролоруна, адистештирилген финансы мекемелерине жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарына багытталат. 

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо 

Сунушталган жөнгө салуунун субъектилери Улуттук банкка ар бир жеке маалыматтарды сунуштоодо жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берүүгө байланыштуу чыгымдарды тартууга тийиш. 

Пайдалары: 

- сунушталган жөнгө салуунун субъектилери «Түндүк» системасына туташкан мамлекеттик органдардын маалымкаттарын берүүдөн бошотулат; 

- ченемдик укуктук актылардын жоболорун өркүндөтүү

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинен чыгашаларды жана пайданы болжолдуу баалоо 

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашаларды талап кылбайт.  

Ачык консультацияга катышуучулар үчүн суроолор тизмеги: 

- көрсөтүлгөн проблемалар жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган маселе болуп саналабы; 

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал; 

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.  

  

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр: 

1. Сунуштарды кабыл алуу:  

   

- электрондук почта аркылуу  

uakylbek@nbkr.kg 

- почта дареги аркылуу  

720001,  

Кыргыз Республикасы, 

Бишкек ш., Чүй пр., 168  

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү  

2021-жылдын  

1-декабрынан кечиктирбестен  

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү

2021-жылдын 9-декабрынан кечиктирбестен