Ош областынын тургундары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча эки күндүк семинар өткөрүлдү 

 

2021-жылдын 21-октябрынан 11-декабрына чейин Ош областында Улуттук банк жана German Sparkassenstiftung биргеликте өткөрүп жаткан “Кыргызстанда, Тажикстанда жана Түркмөнстанда айыл жергесин өнүктүрүүгө көмөктөшүү, чакан жана орто ишкердик потенциалын чыңдоо” долбоорун жүзөгө ашыруунун алкагында Ош областынын тургундары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча эки күндүк семинар өткөрүлдү.  

Семинардын жүрүшүндө Ош шаарынын жана 24 айыл аймактарынын, атап айтканда Папан, Кызыл-Суу, Нариман, Кызыл-Кыштак, Отуз-Адыр, Чек-Абад, Куршаб, Жоош, Саламалик, Гүлчө, Карагуз, Ийри-Суу, Жошолу, Мады, Кара-Кулжа, Кашкар-Кыштак, Сары-Булак, Тепе-Коргон, Будалык, Савай, Дөң-Булак, Кеңеш, Кашка-Жол жана Т.Зулпуев атындагы айыл аймактарынын 700гө жакын тургундары окутуудан өтүштү

Окутуу Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгынын, финансы-кредит уюмдарынын кызматкерлеринен жана Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын мугалимдеринин курамынан турган,  даярдыктан өткөн финансылык сабаттуулук боюнча тренер-мультипликаторлор тарабынан өткөрүлдү

Маалымат үчүн: 

“Кыргызстанда, Тажикстанда жана Түркмөнстанда айыл жергесин өнүктүрүүгө көмөктөшүү, чакан жана орто ишкердик потенциалын чыңдоо” долбоору 2020-жылдан бери Улуттук банк тарабынан Германиянын Sparkassenstiftung менен биргеликте элеттиктердин финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу, максаттуу топтордун тышкы факторлордун таасиринен коргонуусун (туруктуулугун) камсыз кылуу жана кирешелердин өсүшүнө өбөлгө түзүү үчүн алардын финансылык жана ишкердик сабаттуулугун жогорулатуу максатында ишке ашырылып келет.