2021-жылдын 14-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев Германиянын Sparkassenshtiftung (Германиянын эл аралык кызматташуу фонду) фондунун расмий өкүлү Борбордук Азия боюнча аймактык координатору Аня Хойер айым жана өлкөнүн өкүлү Динара Абакирова менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө банк кызматкерлеринин потенциалын арттыруу, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жаатында кызматташуу маселелери, ошондой эле «Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан өлкөлөрүнүн айыл жергесин өнүктүрүүгө, чакан жана орто ишмердик секторунун потенциалын күчөтүүгө көмөк көрсөтүү» долбоорун ишке ашыруунун алкагында калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу чөйрөсүндө биргелешкен иш-аракеттерди көрүү маселелери талкууланды.