Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 22-декабрындагы № 2021-П-33/72-12-(НФКУ) токтому менен «Микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттары» кабыл алынды. 

Калктын турмуш деңгээлин жакшыртуу максатында, калктын ишкердик демилгесин колдоонун, анын өз алдынча иш менен камсыз болушун жогорулатуунун, чакан бизнести жана жеке ишкердикти өнүктүрүүнү каржылоонун маанилүү куралы катары микрокаржылоо секторун институционалдык өнүктүрүү үчүн жагымдуу экономикалык, мыйзамдуу жана жөнгө салуучу чөйрөнү камсыз кылуу жана колдоо Микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын максаты болуп саналат. 

Микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттары төмөнкү шилтеме боюнча Улуттук банктын расмий-интернет сайтында жайгаштырылган: 

Банк эмес финансы уюмдары/Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн негизги багыттары/ Микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттары.