Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин токтому менен «Грин Лайн ЖСМ» ЖЧКнын 2015-жылдын 12-июнундагы төлөм уюмунун лицензиясын 2022-жылдын 03-мартынан тартып кайтарып алуу чечими кабыл алынган: 

№3009120615  өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо укугуна.