Улуттук банк Башкармасы, банк системасынын финансылык туруктуулугун сактоо, финансылык рынокто жагдайды турукташтыруу жана банктардын операциялык ишинин үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо максатында, 2022-жылдын 10-мартында № 2022-П-12/13-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ишин жөнгө салуу боюнча убактылуу чечимдери жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Аталган токтом менен коммерциялык банктардын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын айрым талаптары кайра каралды. 

Мында, банктар Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин, чет өлкө валютасында жаңыдан берилген кредиттерди колдонуудагы 150 пайыздын ордуна 300 пайыз өлчөмүндө кредиттик тобокелдик деңгээли боюнча белгилөөсү зарыл. 

Мындан тышкары, банк системасында ликвиддүүлүктү сактоо жана акча каражаттарын сактоо мүмкүнчүлүгүн берүү максатында коммерциялык банктарга банк-резиденттер менен чет өлкө валютасындагы эсептер боюнча корреспонденттик мамилелерди түзүүгө уруксат берилди. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.