2022-жылдын 10-мартында Улуттук банктын төрагасы К.К. Бөкөнтаев Экономикалык өнүгүү жана кызматташуу бөлүмүнүн башчысы, Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыктын (ШЭММК) Соода келишимдери боюнча федералдык кеңешинин өкүлү, элчи Доминик Паравичини менен жолугушту.  

Жолугушууга Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Оливье Бангертер мырза да катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу маселелери жана Кыргыз Республикасынын экономикалык абалы талкууланды.