Акча которуулар боюнча 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы акча которуулар боюнча төмөнкүлөрдү билдирет. 

Акчаларды эсеп ачып дагы, банк эсебин ачпастан дагы которууга болот. 

Бүгүнкү күндө банк эсебин ачпастан эл аралык акча которуу системаларынын 12 оператору (мындан ары акча которуу системасы) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоодон өткөн, алардын ичинен акча которуу системасынын 6 оператору Россия Федерациясынын аймагында жайгашкан. Россия Федерациясынан/Россия Федерациясына акча которуу үчүн Россиянын төмөнкү акча которуу системаларын колдонууга болот: 

- Юнистрим;  

- Вестерн Юнион; 

- Золотая Корона; 

- CONTACT. 

Акча которуу системаларынын операторлорунун актуалдуу тизмеси Улуттук банктын расмий сайтында «Банктын милдеттери» «Төлөм системасы» «Эл аралык жана локалдык акча которуу системалары» бөлүмүндө жайгашкан. 

Акча которуу системасынын операторлоруна акча которуулардын максималдуу суммасы боюнча коюлган учурдагы чектөөлөрдөн тышкары, Россия Федерациясынын Борбордук банкы тарабынан коюлган чектөөлөр бар экендигин эске салабыз.  

Ошондой эле, коммерциялык банктар Россия Федерациясында көрүлгөн чараларга байланыштуу акча которуу системасы аркылуу АКШ долларында акча каражаттарын которуу көлөмүнө убактылуу чектөөлөрдү киргизиши мүмкүн. 

Ушуга байланыштуу акча которуу системасы аркылуу акча каражатын жөнөтүүдө коммерциялык банктардын кызматкерлеринен бардык маанилүү шарттарды тактап алуу зарылдыгын белгилейбиз.  

Мындан тышкары, банктык төлөм карталары бар коммерциялык банктардын кардарлары P2P аркылуу ички жана/же башка төлөм системаларына которууларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Алсак, Кыргызстанда «Элкарт» улуттук төлөм системасы Россиянын «Мир» улуттук төлөм системасы менен зарыл интеграциялык иш-чараларды жүргүзгөн. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары байланышсыз төлөм технологиясы менен «Элкарт» системасынын карталарын чыгарып жатышат (Элкарт NFC/Элкарт Байланышсыз), алар бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары «Мир» төлөм системасынын тармагында жана «Мир» системасынын өнөктөштөрүнүн төлөм системаларында тейленүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.  

Аны менен катар, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары өздөрүнүн аралыктан орнотулган түзүлүштөрүндө «Мир» төлөм системасынын карталарын тейлей алышат.  

Мындан тышкары, 2020-жылдан тартып «Мир» системасынын карталарынан «Элкарт» системасынын карталарына акчаларды P2P-которуу долбоору ишке киргизилген.