«Вестерн Юнион» системасынын иштеши тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2022-жылдын 24-мартынан тартып «Вестерн Юнион» банк эсебин ачуусуз акча которуу системасы өз ишин Россия Федерациясында жана Беларусь Республикасында токтото тургандыгы жөнүндө «БКУ «Вестерн Юнион ДП Восток» жоопкерчилиги чектелген коомунан билдирүү келип түшкөнүн билдирет. 

«БКУ «Вестерн Юнион ДП Восток» ЖЧКнын катына ылайык, Россия Федерациясынан жана Беларусь Республикасынан «Вестерн Юнион» системасы аркылуу 2022-жылдын 24-мартына чейин жөнөтүлгөн бардык чек ара аркылуу өтүүчү которуулар алуучуларга төлөнүп берилет. 

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынан башка өлкөлөргө (Россия Федерациясы менен Беларусь Республикасынан тышкары) жана башка өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасына (Россия Федерациясы менен Беларусь Республикасынан тышкары) бардык акча которуулар кадимки тартипте жүргүзүлөт. 

«БКУ «Вестерн Юнион ДП Восток» ЖЧК маалымдагандай, компания мындан ары да Кыргыз Республикасынын өнөктөштөрү, б.а. коммерциялык банктар, менен түзүлгөн келишимдер боюнча бардык милдеттенмелерин аткарат.