Улуттук банк Төлөм системасы боюнча банктар аралык кеңештин отурумун өткөрдү 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында 2022-жылдын 18-мартында өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында соода-тейлөө ишканаларында төлөмдөрдү кабыл алууда QR-кодду жана аралыктан банктык тейлөөнүн башка инструменттерин колдонуу маселесин талкуулоо боюнча коммерциялык банктар менен жолугушуу болуп өттү.  

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө геосаясий кырдаал начарлаган шартта, төлөм системасында орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди жана алгылыксыз кесепеттерди азайтуу боюнча маселелер талкууланды.