Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын, алмашуу бюролорунун, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларынын казак теңгеси менен операцияларды жүргүзүүсү боюнча убактылуу тартиби киргизилди 

 

Кыргыз Республикасында экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички валюта рыногундагы жагдайды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2022-жылдын 18-мартында “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын, алмашуу бюролорунун, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларынын казак теңгеси менен операцияларды жүргүзүүсү боюнча убактылуу тартип жөнүндө” токтомун кабыл алды. 

Бул токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары, алмашуу бюролору, микрофинансылык уюмдары, 2022-жылдын 19-мартынан тартып, кыргыз сомуна карата казак теңгесин сатып алуу курсун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленүүчү кыргыз сомуна карата казак теңгесинин расмий курсунан 70 пайыздан ашпаган өлчөмдө салмактанып алынган тобокелдик коэффициентин эске алуу менен белгилеши керек.  

Ошондой эле, коммерциялык банктар жана микрофинансылык компаниялар ачык валюта позициясынын лимитинин мааниси казак теңгеси үчүн таза суммардык/ өздүк капиталынан бир пайыз өлчөмүндө, Улуттук банк белгилеген тартипте аткарышы керек. 

Улуттук банк тарабынан казак теңгесинин кыргыз сомуна карата расмий курсун аныктоонун учурдагы тартиби өзгөрүүсүз калтырылды. 

Убактылуу тартипти киргизүү валюта рыногуна чет өлкөлүк валюталардын өзгөрмөлүүлүгүнүн терс таасирин минималдаштырууга, ошондой эле валюталык операцияларды жүргүзүүдө зарыл талаптарды жана милдеттенмелерди аткарууга багытталган. 

Токтом Улуттук банктын расмий веб-сайтында жайгаштырылган: www.nbkr.kg / Банк жөнүндө / Банк мыйзамдары / Улуттук банк Башкармасынын токтомдору