Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду. 

I. 2022-жылдын 26-мартынан тартып 9-апрелин кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

1. Бишкек шаары, Ден Сяопин проспекти 14-үй, 2-кв. дареги боюнча жайгашкан «Золотой динар» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 4-мартындагы № 6270 лицензиясы; 

2. Бишкек шаары, Ден Сяопин проспекти 2-үй, 33-кв. дареги боюнча жайгашкан «Ынтымак плюс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2021-жылдын 28-майындагы № 6135 лицензиясы; 

 

II. 2022-жылдын 26-мартынан тартып 30-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

1. Бишкек шаары, Курманжан Датка көчөсү 274 дареги боюнча жайгашкан «Айгуль ЛТД» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 6101 лицензиясы; 

2. Бишкек шаары, Курманжан Датка көчөсү 169 дареги боюнча жайгашкан «Аслан-Бектур» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2021-жылдын 2-июлундагы № 6165 лицензиясы; 

3. Бишкек шаары, Курманжан Датка көчөсү 266/3 дареги боюнча жайгашкан «Усман плюс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 6196 лицензиясы; 

4. Бишкек шаары, Ден Сяопин проспекти 10-үй, 13-кв. дареги боюнча жайгашкан «Кайрат-Адил» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2021-жылдын 30-мартындагы № 6095 лицензиясы.