Кыргыз Республикасынын банктарынын банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоолору жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен өлкөдө банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун бирдиктүү тартиби, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле чет өлкө жарандары үчүн да эсеп ачуу, банктык төлөм карттарды алуу тартиби аныкталгандыгын маалымдайт.  

Мында коммерциялык банктар кардарларды тейлөөгө кабыл алганга чейин кардарды өлкөлүк тобокелдиктерди кошо алганда, Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарына ылайык текшерүү чараларын жүргүзүүгө тийиш.  

Улуттук банк коммерциялык банктарга кардарларды тейлөөдө коопсуз банк ишин жүргүзүүнүн жалпы эрежелерин жана учурдагы экономикалык жана геосаясий жагдайды эске алуу менен кардарларды Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык текшерүү боюнча ички контролдоону күчөтүүнү сунуштады.  

Банктык мыйзамдарда аныкталган банктык тейлөө жагындагы талаптар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана коммерциялык банктардын сайттарында жайгаштырылган.  

Улуттук банк бардык маселелер боюнча, анын ичинде банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого байланышкан суроолор боюнча байланыш каналдары аркылуу түздөн-түз коммерциялык банктарга кайрылууну жана маалыматты тиешелүү деңгээлде текшерүүнү сунуштайт.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн такталбаган жана чындыкка дал келбеген, коомчулуктун адашуусуна алып келген маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырат.