2022-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коммерциялык банктардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча Санарип сом концепциясынын долбоорун (мындан ары Концепция) талкуулоо үчүн тегерек стол өткөрдү

Тегерек столдун жүрүшүндө Концепциянын долбоорунун негизги жоболору, Концепцияны ишке ашыруу маселелери жана ыкмалары, санарип сомдун артыкчылыктары жана мындан келип чыгуучу тобокелдиктер, ошондой эле санарип сомдун өлкөнүн финансы рыногуна тийгизген таасири, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу маселелери талкууланды.