Улуттук банк санарип финансылык технологияларды өнүктүрүүгө жана санарип финансылык кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган конференция өткөрдү 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 30-жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында, 2022-жылдын 15-апрелинде Бишкек шаарында “Кыргыз Республикасынын финансы секторун учурдагы шарттарда өнүктүрүү” темасында конференция өткөрүлдү

Конференцияда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, коммерциялык банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын, эл аралык уюмдардын, академиялык жана эксперттик коомчулуктардын жетекчилери катышты.  

Конференцияны ачып жатып Улуттук банктын төрагасы К. Боконтаев финансы жана банк системаларынын ишин жогорку технологиялык деңгээлде жүргүзүү, санарип финансылык технологияларды өнүктүрүү жана республиканын бардык региондорунда калктын мындай санарип финансылык технологиялардан пайдалануусун жогорулатуу Улуттук банктын ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин белгиледи.  

Конференцияда проблемалар кеңири, анын ичинде мамлекеттик санарип платформалары, финансы рыногун санарип трансформациялоону өнүктүрүү проблемалары каралды. Конференциянын айрым сессияларында инновациялык финансылык технологияларды ишке киргизүү маселелеринен тышкары, жогорку кесиптик билим берүү жана келечекте финансылык кызмат көрсөтүү тармактары үчүн кадрларды даярдоо маселелери да козголду. 

Конференциянын жыйынтыгында катышуучулар каралган маселелер учурда абдан маанилүү экендиги жөнүндө пикирин айтышып, бул багытта ишти улантууга даярдыгын белгилешти.