Улуттук банк «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун коомдук талкууга чыгарат. Улуттук банктын ченемдик укуктук актысына өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору атайын жөнгө салуу режимине катышуу шарттарын жана критерийлерин тактоо максатында иштелип чыккан. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Улуттук банктын ченемдик актылары / Талкуулоо үчүн долбоорлор бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Бардык кызыкдар тараптар долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2022-жылдын 31-майынан кечиктирбестен abatyrbekova@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.