Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2022-жылдын 25-майынан тартып төмөнкү алмашуу бюролорунун нак чет өлкө валюталарын алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиялары кайтарылып алынды: 

1. Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 150, № 6 дарегинде жайгашкан «Пайда кей джи» ЖЧК алмашуу бюросунун 2021-жылдын 6-майындагы № 6121 лицензиясы; 

2. Бишкек шаары, Жибек-Жолу пр. 172 дарегинде жайгашкан «Три семерки плюс» ЖЧК алмашуу бюросунун 2021-жылдын 13-январындагы № 6051 лицензиясы.