2022-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К. Боконтаев менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкек шаарындагы программалык кеңсесинин башчысы, элчи А. Рогов мырзанын жолугушусу болуп өттү. Жолугушууда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.  

Улуттук банктын төрагасы 2022-2026-жылдарга Финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуу стратегиясынын негизги компоненттеринин бири болуп саналган калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу маселесинин актуалдуулугун баса белгиледи. 

Өз кезегинде, А. Рогов төмөнкүлөрдү билдирди: «Өлкө калкынын, айрыкча, алыскы региондо жашаган калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууну мындан ары да улантуу зарыл. 2022-2026-жылдарга финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуу стратегиясын ишке ашыруу жаатында Улуттук банктын аткарган олуттуу иштерин белгилеп кетүү маанилүү.». 

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкек шаарындагы программалык кеңсесинин ортосунда өз ара кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.  

 

Маалымат үчүн: 

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму   бул коопсуздук маселелери менен алектенген Түндүк Америка, Европа жана Азиядан  57 мамлекетти бириктирген дүйнөдөгү эң ири регионалдык уюм. Аталган уюм бир миллиарддан ашык калк жашаган мейкиндикте туруктуулук, тынчтык жана демократия орнотуу максатында иш алып барып, саясий диалог түзөт, тынчтыкты жана туруктуулукту курууга жана бекемдөөгө багытталган практикалык иштерди жүргүзөт.