Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн борбордук банктарынын кызматкерлери үчүн тажрыйбалык такшалуу иш-чарасын уюштурду 

 

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн борбордук банктарынын персоналын окутуу программасынын алкагында, 2022-жылдын 28-июнунан тартып 30-июнь аралыгында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан уюштурулган “Финансылык сабаттуулук” темасында тажрыйбалык такшалуудан өтүү иш-чарасы болуп өттү

Тажрыйбалык такшалууга Беларусь Республикасынын, Монгол банкынын жана Монголиянын банктар ассоциациясынын өкүлдөрү катышты. Тажрыйбалык такшалуунун катышуучулары калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир жана тажрыйба алмашышты.