Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, 2022-жылдын 20-апрелинде кабыл алынган «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» № 2022-П-14/25-3-(ПС) токтомго ылайык келтирүү жана төлөм системалары боюнча ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында, 2022-жылдын 27-июлунда № 2022-П-14/47-7-(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды (мындан ары токтом). Ушул токтом менен 2010-жылдын 26-майындагы № 36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата коюлуучу негизги талаптар жөнүндө» жана 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жоболорго өзгөртүүлөр киргизилди. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.