Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө 

БИЛДИРҮҮ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банктык эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетторду берүү маселелери боюнча «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» долбоорун иштеп чыгуу жана анын жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө, ошондой эле кызыкдар болгон жактардан сунуштарды кабыл алуу тууралуу билдирет.   

1. Проблемалар жана негиздер 

Бүгүнкү күндө банктык эмес финансы-кредит уюмдары (мындан ары БФКУ) мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетун белгиленген формада: коштомо кат менен бирге, ар бир формага төраганын/аткаруу органынын жетекчиси жана башкы бухгалтеринин кол тамгасы менен сунушташат. 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын  Улуттук банк Башкармасынын  2022-жылдын 15-июнундагы № 2022-П-33/37-2-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредиттик союздарды жөнгө салган айрым ченемдик укуктук актыларына  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому кабыл алынгандыгына байланыштуу, жаңыдан түзүлгөн кредиттик союздар үчүн да, иштеп жаткан кредиттик союздар үчүн да экономикалык ченемдерди эсептөөгө бирдиктүү мамилени белгилөө, ошондой эле кредиттик союздардын капиталынын шайкештигине карата талаптарды тиешелүүлүгүнө жараша институционалдык жана суммардык шайкештиги боюнча 12 жана 18% (пайыздан) 10 жана 15% (пайызга) чейин төмөндөтүү бөлүгүндө, ошондой эле депозиттерди тартпаган кредиттик союздун ликвиддүүлүгү боюнча талаптарды 5% (пайыздан) 2 % (пайызга) чейин төмөндөтүүлөргө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын №16 №/3 токтому менен бекитилген «Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобонун «Кредиттик союздун экономикалык ченемди сактагандыгы тууралуу маалымат» 8-бөлүгү кайра каралып чыкты. 

Сунуш кылынган жөнгө салуу БФКУ тарабынан белгиленген формада мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттуулукту сунуштоо боюнча талаптарды өркүндөтүүгө багытталган. 

 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты  банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун формасын өркүндөтүү болуп саналат. 

 

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү 

- банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын төрагасынын/аткаруу органынын башчысынын жана башкы бухгалтеринин кол тамгасы белгиленген формада мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун ар бир формасында эмес, коштомо кат менен бирге титулдук барагында гана коюлуп берилет. 

 

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү 

Аталган ченемдик укуктук актыны кабыл алуу жагымсыз кесепеттерге алып келбейт, тескерисинче, банктык эмес финансы-кредит уюмдарына мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчет берүү процессин жеңилдетет. 

 

5. Сунушталган жөнгө салуунун ишкердик субъектилеринин-адресаттардын мүнөздөмөсү жана алардын санына баа берүү 

Жөнгө салынуучу механизми бардык банктык эмес финансы-кредит уюмдары үчүн берилген. 

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо  

Сунушталган жөнгө салуунун субъекттери чыгымга дуушар болбойт. 

Ишкерлерге пайдасы: 

- мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчет форматын өркүндөтүү

 

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо 

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгымдарды талап кылбайт. 

Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолор тизмеги: 

- Жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган көрсөтүлгөн проблемалар туура белгиленгенби?  

- Белгиленгенге жетүү үчүн көрсөтүлгөн максат негиздүүбү?  

- Сунушталып жаткан жөнгө салуу белгиленген проблемаларды чечүүдө артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы?  

- Сунушталып жаткан жөнгө салууну кабыл алуудан улам кандай пайда алууга болот жана анын артыкчылыктары?  

- Сунушталып жаткан жөнгө салууну кабыл алууда кандай тобокелдиктер жана кесепеттер келип чыгышы мүмкүн?  

- Проблемаларды чечүүнүн альтернативалуу, кыйла натыйжалуу жолдору барбы?   

- Сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин пикириңиз.  

  

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр:  

 

1. Сунуштарды кабыл алуу:  

   

- электрондук почта аркылуу  

malmanbetova@nbkr.kg   

- почта дареги  

720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 168 

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү   

2022-жылдын 11-августунан кечиктирбестен  

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий сайтына жайгаштыруу мөөнөтү  

2022-жылдын 18-августунан кечиктирбестен