2022-жылдын 30-июлунан тартып 13-августун кошо алгандагы мезгил аралыгына Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракеттеринин токтолушу улантылат: 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 119-үй, 11-бөлмө дареги боюнча жайгашкан «Брент моней» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2020-жылдын 29-июлундагы № 5999 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 144-үй дареги боюнча жайгашкан «Усман Финанс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 6194 лицензиясы.