Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары долбоор) коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү, эсептерди ачуу, банктардын алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби, корпоративдик башкаруу боюнча колдонуудагы талаптарды актуалдаштыруу, ошондой эле Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларынын талаптарын тактоо максатында иштелип чыккан. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Долбоор ошондой эле Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жайгаштырылган (koomtalkuu.gov.kg/ru). 

Коммерциялык банктар долбоор боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2022-жылдын 30-августунан кечиктирбестен bimasheva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.