Банк жана төлөм системаларынын бар жана жаңы катышуучулар рыногуна инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды жайылтуу үчүн тоскоолдуктарды азайтуу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2022-жылдын 27-июлунда «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому кабыл алынды. 

«Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобого Кыргыз Республикасынын аймагында инновациялык финансылык кызмат көрсөтүүлөр спектрин кеңейтүү үчүн берилүүчү билдирмелердин мазмунун конкреттештирүү, жалпысынан финансылык кызмат көрсөтүүлөргө тест жүргүзүү критерийлерин тактоо жана ресурстарды оптималдаштыруу бөлүгү боюнча өзгөртүүлөр киргизилген, бул атайын жөнгө салуу режимдеринин механизминин иш натыйжалуулугун арттырат

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында www.nbkr.kg / Банк тууралуу / Банк иши тууралуу мыйзамдар / Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.