Маалыматтык билдирүү 

 

Акыркы мезгилде АКШ жана Евроаймактын борбордук банктары Россияга доллар жана евро банкнотторун берүүнү токтоткондугуна байланыштуу, алгач Россияда, андан кийин Казакстанда капиталды чыгарып кетүүгө чектөөлөр киргизилгенден кийин Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасына болгон талап жогорулаган. Нак АКШ долларынын тартыштыгы региондун башка өлкөлөрүндө да байкалууда. 

Нак чет өлкө валютасынын жетишсиздиги байкалган шартта, Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктарга, алмашуу бюролоруна жана микрофинансылык уюмдарга нак чет өлкө валютасын өлкөнүн чегинен тышкары алып чыгууга тыюу салынган, ошондой эле валютаны алып-сатарлыкка жана банктар менен алмашуу бюролору өз ара сүйлөшүп алуусуна жол бербөө үчүн, коммерциялык банктардын алмашуу бюролору менен алардын жүгүртүү каражаттарынын суммасынын чегинде операцияларды жүргүзүүсүнө чектөөлөр белгиленген.  

Учурдагы шарттар жана орун алган жагдайлар валюталарды алмашуу боюнча жөнгө салынбаган ар түрдүү рыноктордун пайда болушуна ыңгайлуу шарт түзөт, бирок Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү иштери өлкөнүн мыйзам талаптарына ылайык бузуу болуп саналат жана ал үчүн жоопкерчилик каралган.  

Улуттук банк лицензиясыз ишке бөгөт коюу боюнча иш-чараларды туруктуу негизде жүргүзүп келет, анын алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы бирге Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүп жаткан адамдарды аныктоо боюнча рейддик текшерүүлөр жүргүзүлүп турат. 2022-жылдын башынан тартып 11 рейддик текшерүү жүргүзүлүп, 10 жеке адамга 175 000 сом суммасында административдик айып пул салынган.  

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 299-беренесине ылайы,к мыйзамда белгиленген тартипте берилүүчү лицензиясыз (күбөлүксүз) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын кошуп, банк операцияларын жүзөгө ашырууда жеке адамдарга 175 эсептик көрсөткүч (17 500 сом), юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч (55 000 сом) өлчөмүндө айып пул салынат. 

Алмашуу операцияларын сунуштаган телеграмм каналдарын иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча белгилей кетсек, телеграмм каналдары аркылуу алмашуу операцияларын жүргүзгөн айрым жактардын иш-аракеттеринин Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келишин текшерүү тууралуу укук коргоо органдарына кат жөнөтүлгөн. Учурда бул маселе тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдары тарабынан иликтенүүдө.  

Учурда валюта рыногундагы жагдай туруктуу, Улуттук банк күн сайын валюта рыногундагы жагдайга мониторинг жүргүзүп, алмашуу бюролорунун жетекчилери жана кызматкерлери арасында мыйзам талаптарын бузууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин өткөрүп келет. 

Бүгүнкү күндө жергиликтүү коммерциялык банктар чет өлкөлөрдөн нак АКШ долларын алып келүү жолу менен алардын керектүү көлөмүн камсыз кылуу боюнча жигердүү иштерди жүргүзүп жатышат. Ошол эле учурда бул иштер кошумча убакытты, анын ичинде нак чет өлкө валютасынын келип түшүүсү боюнча чет өлкө контрагенттери менен логистиканы жөнгө салуу жана уюштуруу маселелери дагы кошумча убакытты талап кылат. 

Ошондой эле, нак эмес чет өлкө валютасы менен операциялар жарандардын суроо-талабы боюнча каалаган көлөмдө жүргүзүлө тургандыгын белгилей кетүү зарыл.