Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоорунун максаты ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүү

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2022-жылдын 5-сентябрынан кечиктирбестен kmurzaev@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.