Улуттук банк тарабынан валюта операцияларын жүргүзүү жана кардарларды тейлөө жагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын бузулушуна жол бербөө максатында, Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган банктардын жана башка юридикалык жактардын ишине пландан тышкаркы (рейд) жана пландуу инспектордук текшерүүлөр дайыма жүргүзүлүп турат.  

Алсак, 2022-жылдын башынан тартып коммерциялык банктарга 116 текшерүү жүргүзүлүп, алардын натыйжасында 51 жазма буйрук, 31 эскертүү, 4 кат жана 13 сунуш-көрсөтмө жөнөтүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө банктарга кардарларды банктык тейлөө боюнча ишти күчөтүү, кардарлар алдындагы өз милдеттенмелерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө нак АКШ доллары менен камсыз кылуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөр берилген. Мындан тышкары, иш туруктуулугун колдоо жана милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу үчүн зарл чараларды кабыл алуу, учурдагы жагдайды талкуулоо максатында коммерциялык банктардын жетекчилери менен мезгил-мезгили менен жолугушуулар уюштурулуп турат.  

Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган башка юридикалык жактардын иши боюнча 89 алмашуу бюросуна инспектордук текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Улуттук банк тарабынан 22 жазма буйрук жана 6 эскертүү жөнөтүлүп, 29 алмашуу бюросунун лицензиясынын аракети токтотулган жана 3 алмашуу бюросунун лицензиясы кайтарылып алынып, 17 алмашуу бюросуна жана 14 жеке адамга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 1 180 000 сом жалпы суммасында айып пул салынган.  

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 299-беренесине ылайык, мыйзамда белгиленген тартипте берилүүчү лицензиясыз (күбөлүксүз) чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын кошуу менен банк операцияларын жүргүзүү жеке адамдарга 175 эсептик көрсөткүч (17 500 сом), юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч (55 000 сом) өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. 

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы менен 2022-2025-жылдарга лицензиясыз ишке бөгөт коюу боюнча биргелешкен иш-чаралар планына кол коюлгандыгын белгилей кетүү зарыл. Ушуга байланыштуу 2022-жылдын башынан тартып, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте, Улуттук банктын лицензиясыз нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөн адамдарды аныктоо боюнча 11 рейддик текшерүү жүргүзүлгөн.  

Мындан тышкары, Улуттук банк чет өлкө валюталарынын курсуна күн сайын мониторинг жүргүзүп, валюта рыногунда жасалма дүрбөлөң жаратуучу аракеттерге жол бербөө жагында алмашуу бюролорунун жетекчилеринин жана кызматкерлеринин арасында түшүндүрмө иштерин жүргүзүп турат.  

Инспектордук текшерүүлөрдөн тышкары, Улуттук банк тарабынан аралыктан көзөмөл жүргүзүлүп, анын алкагында ички контролдоону күчөтүүгө жана көзөмөлгө алынган уюмдардын ишин банк мыйзамдарына шайкеш келтирүүгө багытталган иш-чаралар үзгүлтүксүз негизде өткөрүлүп турат.