Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, «Биринчи МикроФинансылык Компания» ЖАК (мындан ары МФК) «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк» ЖАКка кошулуу формасында кайра уюштурулгандыгына байланыштуу МФКнын 2017-жылдын 19-сентябрындагы №012 айрым банк операцияларын улуттук валютада жүргүзүү укугуна жана 2017-жылдын 19-сентябрындагы №012/1 айрым банк операцияларын чет өлкө валютасында жүргүзүү укугуна лицензиялары 2022-жылдын 9-августунда жокко чыгарылгандыгын маалымдайт.