Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин 2022-жылдын 16-августундагы № 2022-ЗСД-КОМ-КПС-9/2 токтому менен «Региональные платежные системы» («РПС») жоопкерчилиги чектелген коомунун атайын жөнгө салуу режиминин алкагында төмөнкү банктык операцияларды тесттен өткөрүү мөөнөтү 2023-жылдын 28-февралына чейин узартылды

электрондук акча ээлерине электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү, анын ичинде аларды төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү менен накталай же накталай эмес акча каражаттарынын ордуна жүгүртүүгө өздүк электрондук акчаларды чыгаруу (эмиссия); 

- соода-тейлөө ишканалары менен POS-терминалдарды орнотуу/сатылуучу товарларга, иштерге, соода-тейлөө ишканаларынын көрсөткөн кызматтарына төлөө үчүн төлөм каражаты катары QR-коддорду колдонуу банктык карттарды кабыл алуу боюнча келишимдик мамиле түзүү, ошондой эле коммерциялык банктар жана/же электрондук акча менен эсептешүү системасынын операторлору менен түзүлгөн келишимдердин алкагында соода-тейлөө ишканаларында эсептешүүлөрдү камсыз кылуу аркылуу POS-терминалдар, анын ичинде виртуалдык жана мобилдик POS-терминалдар, ошондой эле QR-коддорду колдонуу аркылуу электрондук коммерция жүргүзүү максатында, банктык карттар эквайринги («Элкарт» улуттук төлөм системасы, «VISA» менен «Mastercard» эл аралык төлөм системалары), анын ичинде интернет-эквайринг.  

«Региональные платежные системы» («РПС») жоопкерчилиги чектелген коому атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу болуп саналат.