Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ишин лицензиялоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 17-августунда № 2022-П-33/52-3-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын уруксат документтерин банк эмес финансы-кредит уюмдарына берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Жогоруда аталган токтом менен микрофинансылык уюмдарга, кредиттик союздарга, алмашуу бюролорго, насыялык бюролорго, адистештирилген финансы-кредит уюмдарга, кепилдик фонддорго жана турак жай-сактык кредиттик компанияларына уруксат документтерин берүү боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүү киргизилди. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg / Банк тууралуу / Банк иши тууралуу мыйзамдар / Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.