Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 16-апрелиндеги №13/2 «Оффшордук аймактардын субъектилерин жана алардын тизмесин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары долбоор) коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоордо мыйзамдардын жана эл аралык практиканын талаптарына ылайык Жеңилдетилген салыктык режим колдонулган жана (же) банктык көзөмөл органдарына маалыматтардын ачык-айкын көрсөтүлүшү жана (же) алардын берилип турушу каралбаган мамлекеттердин жана аймактардын (оффшордук аймактардын) тизмесин жаңылоо сунушталат. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Долбоор ошондой эле Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жайгаштырылган koomtalkuu.gov.kg/ru.

Коммерциялык банктар долбоор боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2022-жылдын 7-октябрынан кечиктирбестен электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.