Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбордук банктарынын кызматкерлери үчүн тегерек стол маегин уюштурду 

 

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбордук банктарынын персоналын окутуу программасынын алкагында, 2022-жылдын 6-сентябрынан тартып 8-сентябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан тегерек стол форматында уюштурулган «Банктарда, банктык холдингде жана (же) банктык топто корпоративдик башкаруу» темасында семинар болуп өттү

Семинарга Беларусь Республикасынын, Армения Республикасынын, Россия Федерациясынын борбордук банктарынын жана мамлекеттер аралык банктын өкүлдөрү катышты. 

Катышуучулар улуттук (борбордук) банктарда корпоративдик башкаруу боюнча актуалдуу маселелер, корпоративдик башкаруу түзүмүнүн укуктук аспектилери жана туунду (көз каранды) уюмдардын ишин контролдоо, ошондой эле борбордук (улуттук) банктын туунду (көз каранды) уюмдар тарабынан корпоративдик башкарууну уюштуруусуна карата ыкмалары боюнча өз ара тажрыйба алмашып, пикирлери менен бөлүшүштү