2022-жылдын 14-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Улуттук банктын төрөгасынын орун басары К.Э. Куленбековдун, коммерциялык банктардын жана «Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коомунун өкүлдөрүнүн катышуусунда Төлөм системасы боюнча банктар аралык кеңештин кезексиз отуруму болуп өттү

Отурумдун жүрүшүндө банктар аралык системалардын катышуучуларынын тарифтик саясаты, тактап айтканда, банктык төлөм картаны жана мобилдик тиркемелерди, анын ичинде QR-коддорун колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуудагы комиссиялык төлөмдөр каралды. 

Ошондой эле, Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктардын банктык карталарды жана байланышсыз төлөм системаларын колдонуу менен накталай эмес түрдө төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча «24/7/365» үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу зарылдыгы белгиленди.