Инкассация кызматтарынын эл аралык кызматташтыгынын алкагында 2022-жылдын 12 жана 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын колдоосу менен «Кыргыз инкассациясы» ЖАК тарабынан уюштурулган «Заманбап шарттарда инкассацияны өнүктүрүү келечеги» темасында конференция болуп өттү

Конференцияга Армян Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Өзбекстан Республикасынын инкассация кызматтарынын жетекчилери жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрү катышты. 

Конференциянын катышуучулары инкассация рыногунун абалын талкуулашып, пикир алышып, ушул тармактын актуалдуу маселелери боюнча тажрыйба алмашышты, ошондой эле баалуу жүктөрдү камсыздандыруу жана тарифтик саясат чөйрөсүн өнүктүрүү жана кызматташуу багыттарын белгилешти.