2022-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К.Боконтаев Al Maryah Community Bankынын башкы директору Мохаммед Вассим Хаята менен жолугушту, анын жүрүшүндө санарип финансылык технологиялар чөйрөсүндө кызматташуу жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.  

Улуттук банктын төрагасы банк сектору өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн маанилүү компоненттеринин бири экендигин, ал экономиканын артыкчылыктуу тармактарында долбоорлорду ишке ашыруу үчүн финансылык кызматтарды жана ресурстарды көрсөтүүдө олуттуу ролго ээ экендигин белгилеп, «Биздин өлкө банк секторун гана эмес, өлкөнүн бүтүндөй экономикасын да туруктуу жана арымдуу өнүктүрүү үчүн жаңы инвестицияларды тартууга, жаңы санариптик технологияларды колдонууга даяр», деп баса белгиледи. 

Маалымат үчүн: Al Maryah Community Bank Бириккен Араб Эмираттарында алгачкылардан болуп толугу менен интеграцияланган санариптик банк, аталган банк жасалма интеллект мүмкүнчүлүктөрүнө ээ технологиялык платформанын долбоорун ийгиликтүү ишке ашырган, бул өз кезегинде, кардарлардын керектөөсүн жогору деңгээлде канааттандырган санариптик банкингге трансформациялоого алып келген.