Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси ортосундагы кызматташуунун алкагында, 2022-жылдын 25-июлунан 15-сентябрына чейин өлкөнүн бардык аймактарында финансылык сабаттуулук боюнча эки күндүк 42 семинар өткөрүлдү. Катышуучулардын жалпы саны 900гө жакын адамды түздү. Семинарлар финансылык сабаттуулук боюнча атайын даярдалган квалификациялуу тренерлер тарабынан өткөрүлдү

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар финансылык максат коюу, финансылык план, үй-бүлөлүк бюджет, кредиттер жана депозиттер, ошондой эле финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо сыяктуу темалар боюнча финансылык билимдерин кеңейтишти. Окутуу учурунда практикалык көнүгүүлөр менен эсептөө, кырдаалды талдоо, оюндарды уюштуруу, роликтерди жана слайддарды көрсөтүү аркылуу интерактивдүү ыкмалар колдонулган.