2022-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Кыргыз Республикасынын 2022-2024-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-2024-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча стратегиялык иш-чаралар планынын долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол болуп өттү

Тегерек стол Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин өкүлүнүн, башкы катчысы Н.Муканованын, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн жана Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, катышуусунда өттү

Иш-чаранын жүрүшүндө тегерек столдун катышуучулары коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү пикирлер жана тажрыйбалар менен алмашышты. Башкы катчы Н. Муканова Кыргыз Республикасынын 2022-2024-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиясына ылайык коррупцияга каршы аракеттенүү методологиясы менен тааныштырды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-2024-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча стратегиялык иш-чаралар планынын долбоору боюнча сунуштар берилди.