Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгууну, ошондой эле коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын өлчөмүн көбөйтүү маселеси боюнча кызыкдар тараптардын сунуштарын топтоо жөнүндө жарыялайт».  

1. Проблемалар жана негиздер  

Банк системасынын туруктуулугун, ишенимдүүлүгүн жана бекемдигин жогорулатуу, ошондой эле банк системасынын тобокелдиктеринин ордун жабуу жана банктардын коопсуз иши үчүн зарыл болгон капиталдык базаны чыңдоо жана колдоо максатында, кайрадан түзүлгөн жана иштеп жаткан банктар үчүн (чет өлкө банктарынын филиалдарынын капиталына карата талаптарды кошуу менен) уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмүн көбөйтүү тууралуу маселе каралып жатат. 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты жаңыдан түзүлүп жаткан жана иштеп жаткан банктар үчүн (чет өлкө банктарынын филиалдарынын капиталына карата талаптарды кошуу менен) уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмүнө карата талаптарды жогорулатуу. 

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү

Банк системасынын тобокелдиктеринин ордун жабуу жана банктардын коопсуз иши үчүн зарыл болгон капиталдык базаны чыңдоо жана колдоо.  

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү

Төмөн кирешелүүлүк көрсөткүчтөрүнө байланыштуу кошумча капиталдаштыруу кыйынчылыктары. Мындай учурда банктар микрофинансылык уюм катары кайра каттоо жөнүндө өз алдынча чечим кабыл алышы мүмкүн же бул банктарга карата таасир этүү чаралары колдонулушу, анын ичинде Убактылуу администрациянын атайын режими мыйзамга ылайык киргизилиши мүмкүн. 

5. Ишкердик субъектилери жөнгө салуу сунушталган адресат боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү  

Сунушталган жөнгө салуу коммерциялык банктарга тиешелүү.  

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо.  

Капиталдаштыруу зарылдыгы учурунда сунуш кылынган жөнгө салуу субъектилери сарптоолорго туш болот. 

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашаларды талап кылбайт. 

Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеги

- жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечим чыгарууну талап кылган, көрсөтүлгөн проблемалар туура болуп саналабы? 

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү болуп саналабы? 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты проблемаларды чечүү үчүн артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы? 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал? 

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы? 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.  

 

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр: 

1. Сунуштарды кабыл алуу:  

   

- электрондук почта аркылуу  

zosokeeva@nbkr.kg   

- почта дареги аркылуу  

720001,  

Кыргыз Республикасы, 

Бишкек ш., Чүй пр., 168  

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү  

2022-жылдын 6-октябрынан кечиктирбестен  

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү 

2022-жылдын 10-октябрынан кечиктирбестен