2022-жылдын 23-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан уюштурулган кезектеги банктык тегерек стол маеги болуп өттү

Банктык тегерек стол маегинин ишине Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилиги жана кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын, Мамлекеттик салык кызматынын, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесинин, «Кепилдик фонд» ачык акционердик коомунун, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин, «Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коомунун жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү катышты.  

Тегерек стол маегинин катышуучулары банк ишине байланыштуу жагдайлар менен кырдаалдарды жөнгө салуу боюнча жалпы чечим кабыл алууну талап кылган эң актуалдуу маселелерди талкуулашты. Тегерек стол маегинин жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды: 

- акча-кредит саясаты жана валюта рыногу; 

- маалыматтык коопсуздук жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү

- Баткен жана Ош областарында болуп өткөн окуялардын натыйжасында жапа чеккен карыз алуучуларга байланыштуу жагдай; 

- чарба жүргүзүүчү субъекттерге салык салуу жана контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү

Банктык тегерек стол банк рыногунун катышуучулары үчүн уюштурулган салттуу аянтча болуп саналат жана анын алкагында банк коомчулугунун олуттуу маселелери талкууланат.