Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын кабыл алынган Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 26-сентябрында № 2022-П-33/59-4-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кепилдик фонддор боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун кабыл алды. 

Токтомдун электрондук версиясы Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук акты Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Банк тууралуу/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банк эмес финансы мекемелер ишин жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылган.