Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 28-сентябрында № 2022-П-12/60-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым убактылуу чечимдерин күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Токтом менен COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча көрүлгөн чектөө чараларынын терс таасирлерин, ошондой эле тышкы экономикалык таасирлердин тийгизген кесепеттерин азайтуу максатында, Улуттук банк Башкармасынын кабыл алган жана убактылуу мүнөзгө ээ болгон айрым убактылуу чечимдери күчүн жоготот.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.