2022-жылдын 27-сентябрынан тартып 5-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Талас жана Жалал-Абад областтарындагы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын шариат аалымдары үчүн «Жеке финансыны башкаруу», «Ислам каржылоо принциптери» жана «Ислам банк продукттарынын негизги түрлөрү» темасында семинарлар өткөрүлдү.  

Семинарлардын максаты шариат аалымдарынын өлкөнүн финансылык системасы жана ислам каржылоо принциптери жөнүндө маалымдар болуусун арттыруу. Семинардын алкагында финансылык институттардын негизги түрлөрү, жеке финансыны башкаруу, тобокелдиктер жана финансылык коопсуздук, ислам банк иши, ислам банктык операциялардын салттуу банктардын операцияларынан айырмачылыгы сыяктуу маселелер, ошондой эле башка маселелер каралды.