Ачык консультацияларды жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча сунуштардын жана жооптордун РЕЕСТРИ 2022-жылдын 22-сентябрындагы ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жана анын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү, ошондой эле коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын өлчөмүн көбөйтүү маселеси боюнча кызыкдар тараптардын сунуштарын топтоо жөнүндө билдирүү 

 

Сунуштардын жана жооптордун  

РЕЕСТРИ 

(2022-жылдын 22-сентябрындагы ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө билдирүүнүн алкагында сунуштарды кароонун жыйынтыгы боюнча)  

 

Каттоо № 

Автор (ачык консультациялардын катышуучусу)  

Алынган күн  

Сын-пикирлер жана (же) сунуштар 

Иштеп чыккан органдын позициясы  

№1 

АКБ «Толубай» ЖАК 

2022-жылдын 4-октябры 

Эреже катары, өткөн финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча акционерлердин жыйындары жана ага ылайык уставдык капиталды көбөйтүү маселеси үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде өткөрүлөт. 

Адатта, уставдык капиталды көбөйтүү боюнча бардык маселелер үстүбүздөгү жылдын июнь айында аяктайт, ушуга байланыштуу биз: 2024-жылдын май айы жана 2026-жылдын май айы эмес, тиешелүүлүгүнө жараша 2024-жылдын июль айы жана 2026-жылдын июль айы мөөнөттөрүн белгилөөнү сунуштайбыз. 

*** 

Мындан тышкары, альтернативдүү жана натыйжалуу чечим катары «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына универсалдуу жана адистештирилген болушу мүмкүн болгон банктардын ишинин түрлөрү боюнча мурда алынып салынган ченемди кайтарууну сунуштайбыз.  

Буга чейин бул ченем: 

- 1997-жылдын 29-июлундагы жана 2017-жылдын 21-июнуна чейин колдонууда болгон «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын  

3-беренесинде; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 9-августундагы № 28/4 «Адистештирилген коммерциялык банктардын иши жөнүндө» токтомунда бар болгон. 

Атап айтканда, универсалдуу банк банктык операциялардын бардык түрлөрүн, анын ичинде инвестициялоону ишке ашырган. 

Адистештирилген банк банк операцияларынын чектелген чөйрөсүн жүргүзгөн. 

 

*** 

Андан ары, башка өлкөлөрдүн практикасында кредиттик уюм белгилүү бир аймактын аймагында түзүлүп, ошол аймактын экономикалык өнүгүшүнө таасирин тийгизген «региондук банк» деген түшүнүк бар болчу. Албетте, мындай банктар өлкөнүн бирдиктүү банк секторунун бир бөлүгү бойдон калат. 

Биздин көз карашыбызда бул биздин банк системабыздын кыйла ийкемдүү жана туруктуу болушуна шарт түзөт.  

Ири жана чакан банктар үчүн бирдей талап коюу чакан банктар үчүн ашыкча талаптардын (анын ичинде капитал боюнча) кесепети ири банктарга да таасирин тийгизиши мүмкүн, мындай сарптоолор экономикалык көз караштан алганда кереги деле жок.  

Бүгүнкү күндө дүйнөнүн бүткүл финансы сектору Deutsche Bank, Credit Suisse жана Sociйtй Gйnйrale сыяктуу дүйнөдөгү эң ири финансылык конгломераттардын банкрот болушу мүмкүндүгүн деген кырдаалга кылдат байкоо салып турат. Ошондуктан, ата мекендик чакан банк менен мамлекеттик ири банк же акционерлери эл аралык финансы уюмдары болгон банк ортосунда бирдей деген белги коюунун кереги барбы? 

Адистештирилген (региондук) болушу мүмкүн болгон ата мекендик банктарды колдоо өлкөнүн финансылык коопсуздугун камсыз кылуу көз карашынан алганда да камсыз кылынышы керек деп эсептейбиз. Мындан тышкары, банк системасындагы көп түрдүүлүк анын туруктуулугунун ачкычы болуп саналат (бардык табигый системалар сыяктуу), анткени орто жана чакан банктар географиялык жактан азык-түлүккө чейин белгилүү бир багытта өз кардарлары үчүн баалуулук бере алышы мүмкүн. Эгерде мындай банктар туура банктык практиканы жүргүзүп, бардык негизги экономикалык ченемдерди сакташса, аларды өз капиталын көбөйтүүгө мажбурлоонун кереги барбы? 

«Толубай» АКБ ЖАК системалуу мааниге ээ жана башка банктар үчүн уставдык капитал боюнча талаптар алардын көлөмүнө жана жалпы рынокко тийгизген таасирине жараша айырмаланышы керек деп болжолдойт. Биз системалуу мааниге ээ эмес банктар үчүн (мүмкүн, келечекте адистештирилген жана/же регионалдык банктар үчүн) капиталды көбөйтүү талаптары ошол эле деңгээлде калтырылса болмок же уставдык капиталды көбөйтүүнүн ийкемдүү графигин карап чыгуу зарыл деп эсептейбиз. 

2024-жылдын июль жана 2026-жылдын июль айлары мөөнөттөрү боюнча сунуштар долбоорду иштеп чыгуунун алкагында каралат. 

 

Кабыл алынган жок: «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле региондук банк боюнча сунуштар долбоорго тиешеси жок. 

 

 

Уставдык капиталдын өлчөмү жана ийкемдүү график боюнча банктарга капиталды калыптандыруу үчүн жетиштүү өткөөл мезгил бериле тургандыгын белгилейбиз.