Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитети 2022-жылдын 18-октябрында № 2022-ЗСД-КОМ-КПС-11/1 «Грин Телеком Сервис» жоопкерчилиги чектелген коомуна атайын жөнгө салуу режиминин алкагында төмөнкү банктык операцияга 2023-жылдын 20-октябрына чейин тест жүргүзүүгө лицензия берүү чечимин кабыл алды

виртуалдык карталар жана/же кадимки карталар түрүндө «О! Деньги» электрондук капчыгынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү каралган төлөм карталарын чыгаруу (эмиссия). 

«Грин Телеком Сервис» жоопкерчилиги чектелген коому атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу болуп саналат.