Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуу учурунда жабыркаган карыз алуучуларга колдоо көрсөтүү боюнча финансы-кредит уюмдарынын чаралары  

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы ПЖ №313 «Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, 2022-жылдын сентябрь айында Баткен жана Ош областтарында болгон куралдуу кагылышууда жабыркаган коммерциялык банктардын, банктык эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын (мындан ары - ФКУ) кардарларына колдоо көрсөтүү максатында, Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 6-октябрында № 2022-П-12/62-2 (НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган кардарларга колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу» токтомун кабыл алды.  

Аталган токтомго ылайык, ФКУларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган кардарлардан келип түшкөн бардык кайрылууларды талапка ылайык кароо, болуп өткөн окуяда каза болгон, жарадар болгон, бизнесинен жана/же турак жай кыймылсыз мүлкүнөн ажыраган жарандардын кредиттерин эсептен алып салуу аркылуу чечимдерди кабыл алуу жана көмөктөшүү; кредиттерди реструктуризациялоо, анын ичинде жабыркаган кардарлардын кредиттеринин ордун жабуу мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу; кредиттик келишимдердин шарттарын кайра кароого байланыштуу комиссиялык жана башка төлөмдөрдү чегербөө жана албоо; кредиттик келишимде каралган милдеттенмелер аткарылбагандыгы/талапка ылайык аткарылбагандыгы үчүн кардарларга айыптык санкцияларды колдонбоо, анын ичинде үстөк айыпты (айып пул/туум) чегербөө, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун алкагында жабыркаган кардарларга башка жардам көрсөтүү чараларын караштыруу тапшырмалары берилген.  

2022-жылдын 14-октябрына карата ФКУлардан алынган маалыматтар боюнча 2022-жылдын 14-октябрына карата кредит калдыгынын жалпы суммасы 60 713 миң сомду түзгөн 300 кардар кайрылган. Булардын ичинен 13 527 миң сом суммасында 250 кредит эсептен алынып салынган, 2 462 миң сом суммасында 13 кредит реструктуризацияланган.  

Учурда ФКУ жабыркаган кардарлардан келип түшкөн бардык арыздарды кароону улантып жатат, жабыркаган кардарларды колдоо боюнча тиешелүү чараларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алышат.