Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын ченем жаратуу техникасы боюнча мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 12-октябрында № 2022-П-12/63-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.