Дүйнөлүк каражат топтоо күнү Кыргызстанда 

2022-жылдын 24-октябрында «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» кампаниясынын алкагында иш-чаралар башталды, ал дүйнө жүзү боюнча 31-октябрда белгиленет. Кампаниянын максаты жалпысынан ашыкча чыгашалардан үй-бүлөлүк бюджетти коргоого жана финансылык туура чечимдерди кабыл алууга өбөлгө түзгөн калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана каражат топтоо маданиятын калыптандыруу. 

Улуттук банк координатор болгон Дүйнөлүк каражат топтоо күнү Кыргызстанда 2015-жылдан бери «Кыялдар канат байлаганда» урааны астында өткөрүлүп келет. 

Дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2022 иш-чарасынын жүрүшүндө калк үчүн ар кандай иш-чаралар, анын ичинде финансы уюмдарына экскурсияга баруу, ачык эшик күндөрү, финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар жана сабактар, интерактивдүү оюндар, сынактар, финансылык жармаңке жана башка өткөрүлөт, ага бардык каалоочулар катыша алышат. 

Иш-чаралар жөнүндө кеңири маалымат:  Иш-чаралар күндөлүгүндө берилген.