Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучуларга көмөк көрсөтүү боюнча финансы-кредит уюмдарынын көрүп жаткан чаралары 

 

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2 (НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу» токтомунун талаптарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүп турат.  

2022-жылдын 26-октябрына карата финансы-кредит уюмдарынан (мындан ары - ФКУ) алынган маалыматтар боюнча ФКУга 372 карыз алуучу кайрылган, 18 883 миң сом суммасына барабар болгон 268 кредит жоюлган, 20 885 миң сомго жеткен 64 кредит реструктуризацияланган.  

Азыркы тапта, ФКУ жабыркаган карыз алуучулардан келип жаткан арыздардын бардыгын карап жатат жана банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт.