Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Баткен областындагы карыз алуучуларга каржылоонун жеткиликтүү болушун кеңейтүү боюнча колдоо көрсөтүү, анын ичинде 2022-жылдын сентябрь айында Баткен областында куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү максатында иштелип чыккан. Мындай чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы № 313 «Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» жарлыгын, ошондой эле Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын 2022-жылдын 30-октябрындагы № 2 чечимин ишке ашырууга багытталган. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg)жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2022-жылдын 17-ноябрынан кечиктирбестен электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.